super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Владимир Путиндин учагы "Манас" аэропортуна конду

 

Бүгүн, 25-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин учагы "Манас" аэропортуна конду.

Орусия лидерин өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алат.

Буга чейин айтылгандай, эки лидер Биринчи Май районундагы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар коюшат. Андан кийин президенттер "Ала-Арча" резиденциясында бейрасмий шартта "тет-а-тет" форматында жеке жолугушуу өткөрүшөт.

26-ноябрда Ынтымак Ордо сарайында расмий тосуп алуу аземи болуп, андан соң Кыргызстан-Орусия сүйлөшүүлөрү өтөт. Тараптар саясий, соода-экономикалык, гуманитардык, энергетикалык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция жана башка тармактардагы негизги маселелерди талкуулашат. Орусиянын делегациясында бир катар министрлер, мекеме жетекчилери жана ири ишкерлер - Роман Абрамович, Муса Бажаев, Петр Фрадков жана башкалар бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки президенттин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшу күтүлүүдө. Ошондой эле өкмөттөр аралык жана коммерциялык мүнөздөгү бир катар келишимдер, жалпы жети документ кабыл алынат. Алар билим берүү, экономика, миграция жана саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарды камтыйт. Документтердин алмашуусунан кийин президенттер расмий билдирүүлөрдү жасап, мамлекеттик кабыл алуу өткөрүлөт.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: