Путин Бишкекке мамлекеттик сапары менен келди. Аны өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алды (видео)
Бүгүн, 25-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди. Жогорку мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилген.
Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин чагылдырышты.
Андан соң мамлекет башчылар үчүн эки элдин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы чакан концерттик программа тартууланды.
Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын лидерлери эртең, 26-ноябрда, эки жактуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо перспективаларын талкуулашат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
Путинди өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















