super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айсулуунун өлүмүнө шектүү Кумарбектин өкүмүн өзгөрткөн мурунку соттор кармалды (фото)

 

Ички иштер министрлиги 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген 1984-жылы туулган Кумарбек Абдыров кармалгандыгы жөнүндө кабарлаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын бул кылмыш менен эле чектелбестен, көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Кумарбек Абдыров өзүнүн кылмыштарында бир нече жаш кыздардын курмандыгы бар экендигин моюнуна алып, алардын жансыз денелерин Бишкектин сыртындагы ээн жерлерге катып жүргөн.

"Иликтөө учурунда кылмыштардын чынжыры 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экендиги белгилүү болду. Ал жылы Кумарбек 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары – С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Ж. ортомчулугу менен ЖПКнын нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен. Натыйжада, кылмышкер 3 жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Ал эми 2025-жылдын күз айларында Кумарбек жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан тартылуудан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен.

Топтолгон материалдардын негизинде жактоочу кармалып, ага карата бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып алынган. Судьялар кеңеши мурда көрсөтүлгөн судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштаманы колдоду.

Азыркы учурда С.Б., Ж.М., К.А. судьяларына Кылмыш-жаза кодексинин 336 (Коррупция) жана 352-беренелеринде (Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) каралган кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулган. Ошондой эле прокурор Д.М. карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулду.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: