super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камакка алынгандар, бошотулгандар, сыйлык алганы, туулган күн тоскону... 25-ноябрда өлкөдө кандай жаңылыктар болду?

 

Кечээ, 25-ноябрда Бишкекке Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алды.

Путинге аба майданда улуттук боз үйлөр, этно-жоокерлер, алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин көрсөтүлдү. Орусия лидери анын боз үйү бар экенин айтты. Путинди коштоп бир катар орус аткаминерлери келишти.

25-ноябрда чет өлкөлүк кыргыз сомун кордогон деген шек менен кармалды. Бишкек милициясы анын өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөнү аныкталганын белгилеп, чет өлкөлүк Кыргызстандан чыгарыларын билдирди.

Ал күнү "Клооп" басылмасы мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов пробация шарты менен сот залынан бошотулушту.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстандын президенти тарабынан 2-даражадагы "Достук" ордени менен сыйланды.

25-ноябрь күнү "Боз салкын" тасмасындагы Анаранын ролун жараткан актриса Зарема Асаналиева социалдык тармактагы баракчасында 38 жашка толгонун билдирди. Ал күнү кыргыз футболунун жылдызы Гүлжигит Алыкуловдун да туулган күнү болду.

Коомчулукта кызуу талкууга алынган окуялардан эмнелер белгилүү болду?

25-ноябрда ИИМ 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбектин мурда жасаган кылмыш ишин караган Бишкек шаардык сотунун мурдагы 3 судьясы жана прокурор кармалганын маалымдады.

Соттор Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаевага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери боюнча айып тагылса, прокурор "Коррупция" беренеси менен шектелүүдө.

Алар Кумарбектин 2015-жылы жасаган кылмыш иши боюнча жазасын жеңилдетип жиберген деген негизде кармалышты. Тагыраагы, шектүү 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунда анын жаза мөөнөтү жеңилдетилген.

Аларды жоопко тартууга Судьялар кеңеши макул болгонбу? Айып тагылып жаткан соттордун бири Абакиров эмне дейт? Бул шилтемеден окуңуз.

Кечээ күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен кармалган 10 адам 17-январга чейин камакка алынганын ырастады.

Камакка алынгандардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогору Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеев бар.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин кайсы беренелери менен айып тагылууда? Бул жерден окусаңыз болот?






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: