Орусия өкмөтү ЖОЖдордо кыргызстандыктар үчүн 700 квота бөлдү
2026-2027-окуу жылына Орусиянын өкмөтү бөлгөн бюджеттик негиздеги билим алуу квоталарына документтерди кабыл алуу 15-декабрга чейин жүргүзүлөт.
Кыргызстанга Орусия тарабынан 700 орун бөлүнгөн, алар студенттер үчүн толугу менен акысыз. Квоталарга мектепти аяктаган талапкерлер үчүн бакалавриат жана адистик программалары, ошондой эле жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү үчүн магистратура, аспирантура, ординатура, ассистентура-стажировка жана квалификацияны жогорулатуу программалары кирет.
Кыргызстандык жарандар үчүн Орусиянын окуу жайларына квота боюнча кабыл алуунун артыкчылыктары:
- Бардыгы акысыз - тапшыруу, консультациялар, тестирлөө
- Үйдөн чыкпай онлайн арыз берүү - документтер https://education-in-russia.com сайтына жүктөлөт
- Тесттер онлайн өткөрүлөт (мектеп жана колледж бүтүрүүчүлөрү үчүн)
- ЖРТ же БМЭ тапшыруунун зарылдыгы жок
- Бир эле арыз менен 6 окуу жайды тандаса болот
- 450дөн ашык университет жана дээрлик бардык жарандык адистиктер жана багыттар
Окуу багыттары жана адистиктер
Техникалык, инженердик, чыгармачылык, социалдык-гуманитардык, педагогикалык, медициналык, айыл чарба жана башка адистиктерге кабыл алуу жүргүзүлөт.
Орусиянын окуу жайына тапшырууну каалагандар 15-декабрга чейин https://education-in-russia.com сайтында катталып, билим берүү деңгээлин, багытын жана адистигин тандап, керектүү документтерди жүктөүшү зарыл. Сайтта окуу жайлары, программалары жана шаарлар жөнүндө толук маалымат бар.
Кыргызстандык жарандар үчүн Орусиянын окуу жайларына тапшыруунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кошумча маалыматты Бишкектеги Русский домдун билим берүү бөлүмүнөн https://uchebarf.kg жана "Россотрудничествонун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн социалдык тармактарынан https://taplink.cc/rushouse_bishkek табууга болот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















