Ташиев байлыгына таң калган салык кызматынын мурдагы башчысы тууралуу иликтөө чыкты
Телеканалдардын бири салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын командасындагы салыкчылардын коррупциялык схемаларын ачыктаган иликтөө жарыялады.
Анда салыкчылар 3 коррупциялык схема түзүшкөнү айтылат. Биринчи схема боюнча алар ири салык төлөөчүлөрдү мыйзамсыз текшерүүгө алып турушкан. Натыйжада, ишкерлер чоң суммадагы пара берүүгө мажбур болушкан. Бул схемадан Абдувапов ай сайын болжол менен 100 миң доллар, ал эми анын орун басары 10 миң доллар пайда көрүп турган.
Экинчи схема электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздардына байланыштуу. Андай махинациялардан улам өлкө казынасына 2024-жылдын 11 айында 34 миллион 602 миң 630 доллар зыян келтирилгени айтылат.
Иликтөөдө Абдуваповдун үчүнчү схемасы кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана акчаларды чет өлкөлөргө чыгарууга багытталганы баяндалат. Ал акчаларды жубайы аркылуу адалдап, чет мамлекеттерден кымбат баалуу мүлктөрдү сатып алып турган. Мурдагы аткаминер Бишкектеги мүлктөрүн тааныштарына каттатып койгон.
Иликтөөдө аталган суммалар, мүлктөр аныкталгандары гана экени, ал эми аны менен жубайынын чет жактарда эс алууга жумшаган акчалардын суммасы такталбай калганы айтылат. Тергөөдө айыпталуучулар өздөрү да эс алууга канча сумма коротушканын билбегенин айтышкан.
Мындан тышкары, материалда тергөө иштеринин натыйжасында 4 миллиард 307 миллион сомдон ашык ачка каражаты кайтарылганы кабарланды.
Эске салсак, былтыр, 6-декабрда Абдувапов менен Кыдыргычов УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев июль айында Ош облусундагы жыйында Алтынбек Абдуваповдун байлыгы 55 миллион долларга барабар экенин айтып, таң калган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















