Бишкектеги жаңы жылдык балаты качан жандырылары белгилүү болду
Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балаты 15-декабрда жандырылат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, башындагы жылдызы менен 35 метрди түзөт. Жаңы жылдык кооздукка 2 миң даана көк жана күмүш түстөгү шарлар керектелген.
Ошондой эле аянтта өлкөдөгү эң чоң 1500 чарчы метрди түзгөн муз аянтчасын ачууга даярдыктар көрүлүүдө.
Балаты түндүк тарапка коюлуп, эс алуу жана сүрөткө түшүү үчүн орундар көбөйтүлгөнү айтылган. Электр жарыгын үнөмдөө жана коопсуздук талаптары боюнча дагы атайын план түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:37
2025-12-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















