Бишкектеги Чүй проспектиси 12-декабрда ачылары айтылды (видео)
Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу жабылган жол 12-декабрда ачылат. Бул тууралуу Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеев билдирди.
Анын айтымында, учурда жөө адамдар өтүүчү жер алдындагы өтмөктө курулуш иштери жүрүүдө.
"Долбоор боюнча жол 16 метр болчу. Ал кыскарган жок, дагы эки тилке кошуп бердик. Бирок "эл нааразы болуп жатат, түз кылгыла" дешти. Быйыл аба ырайы суук болуп калды, кийинки жылы аны оңдоп берели. Негизи 6-декабрда эле бүткөнбүз ошондо эле ишке берилмек. Бирок жөө адамдар үчүн дагы шарт түзүү керек. Учурда жасалууда. Дагы 2-3 күндүк жумуш калды, буюрса, 12-декабрда ачып беребиз", - деди Түлеев.
Белгилей кетсек, 8-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги Old Bishkek долбоору менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берген.
Бишкектеги Чүй проспектиси 12-декабрда ачылары айтылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















