Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Досмамбетов Шаардык балдар ооруканасына барды
Бүгүн, 8-декабрда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.Ал жерде Досмамбетов клиникалык-диагностикалык бөлүмдүн иши, бейтаптарды кабыл алуу тартиби жана КРВИ менен сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу абал менен таанышты.
Кабыл алууну күтүп турган адамдардын көптүгүн көргөн министр бейтаптардын тыгыз топтолушу кошумча жугузуу коркунучун жаратарын, ошондой эле ата-энелер менен балдар үчүн, жогорку жүктөмдө иштеп жаткан медициналык кызматкерлер үчүн да ыңгайсыздык түзөрүн белгиледи.
Белгилеп кетсек, 49-жумада (1–5 декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 42 561 учуру катталды. Бардык катталган бейтаптардын 72,1 пайызы -14 жашка чейинки балдар (15 029 учур).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















