super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 8-декабрдан 14-декабрга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Айланаңыздагы адамдардын жүрүм-турумуна тыкыр көзөмөл салышыңыз керек, сизге каршы бир нерсе уюштурулушу мүмкүн. Аптада достор же туугандар менен жолугуп, сагыныч жазып, мамилелерди бекемдегенге ыңгайлуу убакыт. Аптанын экинчи жарымында демилгечи болуп чыга келесиз, жумуштагы, жеке жашоодогу кыймылдабай жаткан нерселерге өзгөртүү киргизүү сиздин колдо. Сүйүү мамилесинде ачык болуу керек: сиз ойлогондой жаман болбойт, түгөйүңүз угуп, түшүнгөнгө даяр.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жакында эле белгисиздик өкүм сүргөн жерде туруктуулук байыр алганын сезесиз. Жумушуңузда ийгилик коштойт, өзгөчө үйдө отуруп иштегендерде. Абройлуу жана сизге пайдалуу адамдын ишенимине кире аласыз. Жумушуңузда өткөн чакта калган адамдан иштешүү сунушун аласыз, шашылыш чечим чыгарбай, баарын шашпай талдаганга аракет кылыңыз. Финансылык жаатта жакшы пайда түшөт, бирок ал акчаны кайра коротконго туура келет, албетте, өз пайдаңызга.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптанын көп бөлүгү позитивдүү маанайда өтөт. Айланаңыздагылардын колдоосуна, жардамына ээ болосуз. Азыр жасап жаткан ишиңиздин жемишин келерки жылы көрөсүз, андыктан пайда түшпөй жатат деп таштап салбаңыз. Аптада жума күнү гана сагыраак болушуңуз керек, бул күнү күтүүсүз конфликттер чыгышы мүмкүн, өз позицияңызда бекем турганга аракет кылыңыз. Жеке жашоодо жагымдуу сюрприз күтсөңүз болот. Дем алыш күндөрү активдүү жана маалыматка бай абалда өтөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бул аптада бөйөндөрдүн ички туюму жакшы иштейт. Андыктан кырдаалды баалап, чечим чыгарганда өзүңүзгө гана таянганыңыз оң. Үйдө бөлмө ичин өзгөртүү сыяктуу жумуштар орун алышы мүмкүн. Чарчаганыңызды сезесиз, өзүңүзгө өзүңүз убакыт бөлбөсөңүз эч ким кам көрбөйт. Окуу, агартуу тармагындагыларды жакшы жаңылык күтөт. Шаршемби, бейшемби күндөрү оор делген жумуштарды колго алсаңыз, жакшы жыйынтык берет. Романтикалык жолугушууларды да ушул күндөргө жылдырыңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жеке жашоо менен жумуштун ортосунда балансты табууңуз керек. Убакыт жок деп өзүңүзгө кам көрбөй коюу да туура эмес, биринчи өзүңүз, анан калгандары болгону жакшы. Бул күндөрү тобокелчилик талап кылган нерселерди жасабаңыз, авантюрага илинип калышыңыз мүмкүн. Сизге мактоо сөздөрүн айтып, кошомат кылып жаткан адамды байкасаңыз, демек, ага сизден бир нерсе керек. Жүрөгү бош адамдарда сүйүү мамилесинде жагымдуу романтикалык жолугушуу күтүлөт.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Финансылык тармакта жакшы жакка өзгөрүүлөр күтүлөт. Оор деп келген иштерди аптанын башында эле бүтүрүп салып, өзүңүз да таң каласыз. Ою сиздикине такыр карама-каршы келген адамдардын сөзүнө кулак салганыңыз оң, пайдалуу маалымат ала аласыз. Жеке жашоодогу мамиледе эмоция жашыруунун кереги жок, тескерисинче, чыныгы ойлоруңузду айтсаңыз түшүнүүгө ээ болосуз. Апта соңу негедир жумушуңуз көбөйөт, бирок аларды бүтүрүү сиздин колдон келет.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Таразаларга да бүтпөй келген көптөгөн иштерди бүтүрүүгө туура келет. Негизгиси убакытты туура пайдаланыңыз. Бойдоктордо жаңы эмоция тартуулаган адам жолугушу мүмкүн. Жеке чек араңызды бузуп, туура эмес сөз айткан адам кезигет. Сизге арманын айткан адамды кунт коюп угуу сунушталат, кээде физикалык жардамдан көрө жөн гана угуп коюу жакшы жардам берет. Апта соңу жылдын аягына чейин керектелчү нерселердин тизмесин түзүп, бюджетти алдын ала пландап койгон оң.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Иштейм, жасайм, кыйратам деген каалооңузду түшүрбөңүз, жок болсо табыңыз. Анткени бул апта жакшы иштегендерге жакшы финансылык пайда алып келчү убакыт. Анан да башкаларга жардам колун сунганга аракет кылыңыз, бул кадам сизге моралдык жеңилдик, эргүү берет. Кызматтык романдын учу кылтаят, бирок буга жол бербеңиз, акыры жакшы бүтпөйт. Баш оорусунун алдын алып таза абада көп сейилдеңиз. Аптада досторуңуз менен жолугушуу күтөт, баш тартпай барып келиңиз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Финансылык суроолордо олуттуу чечим чыгарбай, эч нерсеге инвестиция жасабай туруңуз, кабыл алынган чечим туура эмес болуп калышы ыктымал. Өзүңүзгө сулуулук жаатында кам көрүңүз, салондорго баш багып коюңуз, өзүңүзгө болгон бааңыз көтөрүлөт, маанайыңыз жогорулайт. Жакшы адамдардан өзүңүздүн дарекке карата айтылган жылуу пикирлерин угасыз. Кыялыңызды башкалар менен бөлүшүңүз, эртерээк ишке ашат. Даамдуу болсо да зыян тамак-аштардан баш тарткан туура.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Чыгармачыл тарабыңызды колдонуп, көпчүлүктүн алдына чыгууга туура келет. Бул майрамдык маараке, жумушка байланыштуу иш-чара же башка нерсе болушу мүмкүн. Шашпаңыз, бүтпөгөн иш болбойт. Үйдө баарын иретке келтирсеңиз, кырдаалды өзүңүз көзөмөлгө алчудай сезим жаралат. Жумушта квалификацияны жогорулатуу зарылдыгы жаралат. Романтикалык жатта баары ойдогудай өтөт, түгөйүңүз сиздин бардык идеяларыңызды колдогонго, жаныңызда болгонго даяр.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Эски иштердин барагын жаап, жаңы идеяларды ишке ашырганга өтөсүз. Бирок келечекке чоң пландарды түзүп, баш оорутпай коё туруңуз, убактысы келет. Финансы жаатында баары туруктуу. Дүйшөмбү, шейшемби сизден чыдамкайлыкты талап кылышы ыктымал. Сиз күткөн адамдан жагымдуу жаңылык угушуңуз күтүлөт. Кыска убакытка болсо да сапарга чыгышыңыз мүмкүн. Балалуулар балдарынын түйшүгү менен алек болуп, убакыт кантип өтүп кеткенин байкабай калышат.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Акча менен чечиле турган маселени маселе эмес, жөн гана чыгым катары кабыл алганыңыз оң. Муну менен нервиңизди сактап, маанайыңыздын түшүүсүн алдын алган болосуз. Жаңы иш баштабай туруңуз, андан көрө мурдагыларын бүтүргөнгө басым жасаганыңыз туура болот. Каржы жаатында ойлонулбаган, пландалбаган нерсе сатып алуудан алыс болуңуз. Апта соңу өзүңүздү үй-бүлөңүзгө, жакындарыңызга арнап, алар менен бирге убакыт өткөрүүнү самап каласыз. Сүйүүдө гармония орун алат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: