super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Күндөлүк (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

– Элдин ушагын кулак сыртынан кетирем. Кылым да кыйшайбайт.

– Сен уялбасаң, мен уялып жатам!

– Болду, жетишет! Башкасы болбосо да сиз жакшы сөзүңүздү айтып койбойсузбу?! Бул жашоодо мен кандай адам болбоюн, акыры сиздин бир тууганыңызмын го. Сизден башка кимим бар эле?- деп ыйлап, эжеме айта турган сөзүмдүн баарын айтып алдым.

Менде да жүрөк бар! Мен дагы алсызмын! Айта турган сөздөрүм көп. Ыйлап отуруп, мындан 5 жыл мурдагы жашоом көз алдыма келип кетти. Ал күнү да дал ушундай уруш болгон. Каргашалуу түндөн кийин мен көп ичип үйдө жаттым. Бир күнү окшуп кусуп жибердим. Ашыкча ичип койдум окшойт деп шарапты ошол күнү токтоттум. Заңгыраган үйүң болгону менен, колуңда коко тыйын болбосо жаман экен. Ошондо гана ач калганымды билип эжеме кайтып бардым. Курсагым тоюп эле өзүмө келип калдым. Салон жабылган. Моюнумда кредит бар. Кыйналып жүргөн күндөрдүн бири дагы кусуп эле жатып калдым. Бул ирет мени эжем байкап калып, ооруканага алып барды. Ошондо биринчи жолу курсагымда Данегим жаралганын билдим. Чынын айтсам, кубанган жокмун. Өзүм депрессияда жүргөм. Анан да боюмдагы бала 9 жумалык болуп калыптыр. Мансурдан экенин билдим. Үйгө келген соң эжем мага айтпаган сөздүн баарын айтты. Мени бир-эки жолу бетке чапкылап да жиберди. Анткени мен ага чейинки болгон окуяны айтып койгом. Мансур мени албашын билген эжем сүйлөнүп, ыйлап жатты. Мен тылтыйып туруп бергем. Эжем мага катуу таарынган. Ошол күндөн бери мага ушундай муздак мамиле кылат. Мен бала жөнүндө Мансурга айтып, баарын кайрып алайын дегем. Бирок мен күткөндөй болбой калбадыбы. Акбар анын каза болгонун угузгандан соң мага жашоо караңгы боло түштү. Өзүмдү күнөөлөдүм. Азыркы күнгө чейин күнөөлөп келем. Боюмдагы баланы алдырам деп чыктым бир күнү. Эжемден акча сурасам, бербей “төрөйсүң” деди. Ошол күндөгү маек дагы да эсимде.

– Сага эмне, бала оюнчукпу? Алдырганга болбойт. Жүрөгү согуп калыптыр. Врач айтты го?!

– Канча алдасаңыз да, баары бир алдырам. Атасы жок өстүрмөк белем? Алдырам!

– Атасыз сен деле жашап жүрөсүң го? Балада эмне күнөө? Төрөп берчи, мейли, өзүм багып алайын. Алдыра көрбө. Убал болот. Болор иш болуптур. Төрөп бер, сиңдим. Өзүм Жантайыма кошуп багып алам,- деп бир жума жалдырап жүрдү.

Аргасыз макул болуп, төрөп эле эжеме бергенге шаштым. Оюмда төрөттү оңой ойлоптурмун. Ичим чоңоюп калганда токсикоз аябай кыйнады. 5 мүнөттүк жыргалдын азабын 9 ай тарттым го! Ар нерсени эңсейм. Эжем алып келип берип жатты. Бирок үйгө батпай эле араң жүрдүм. Эжемдин көңүлү мага муздап калган. Үйдө жылуулук жок. Ошол учурда мага мээрим керек болду. Барчылыкта достошкон досторумдан акчалай жардам ала албадым. Баары менден терс карап бурулуп кетишти. Шашпагыла дедим ичимден. Ошол айларда кимдин ким экенин билдим. Бир гана жездеме рахмат. Баарын билип турса да, мага бир үн чыгарган жок. Балким, эжеме айтып жаткандыр. Бирок мага болгон мамилеси өзгөргөн жок. Акчадан ушунчалык кыйналып кеткендиктен унаамды саттым. Кредиттин жарымын жапканга жана күнүмдүк турмушума жетип жатты. Бирге жашаганыбыз эле болбосо, мени менен эч кимдин иши болгон жок. Окуу ташталды. Кээде түндө Мансурду эстеп алып ыйлап жүрдүм. Андайда бөлмөгө эжем кирип келип, "ыйлаба, балага зыян" деп катуу айтып чыгып кетчү. Мен болбой эле өкүрүп ыйлай берчүмүн. Үйүмдү сатып, башка өлкөгө кетип калсамбы деген да ой келди. Бирок курсагымдагы баланы ойлоп, бала менен кыйналарымды сезип тымызын жүрдүм. Көп өтпөй жездемди жумушунан Ошко которушту. Баарыбыз көчүп кеткенге туура келди. Ал жакта батирде жашап жүрдүк. Көнүшө албай кыйналдык. Убакыт сааты келип, мен Данегимди төрөдүм. Толгоом 2 сутка болуп, аябай кыйналдым. Төрөп жатып биринчи ирет апамды эстеп ыйладым. Анын тарткан азабын түшүндүм. Кызымды эмизген да жокмун. Бир жума үйдө жатып, эжемдерге катка баарын жазып калтырып, шаарды көздөй бет алдым. Кайрадан бутка тургум келди. Анда кызыма деген кыпындай да сезим жок эле. Эжеме “өзүңүз багып алам дегенсиз, сизге тапшырдым. Мен жаңы жашоо баштайм. Ага өзүңүз ат коюп, кыз кылып алыңыз. Экөөбүз көрүшсөк да, мен аны сиңдим деп кайрылам” деп кат жазып кеткем. Өкүнөм. Жашоодо бир нерсеге өкүнөм. Кызымды таштап кеткениме. Аны экинчи көрбөйм деп кеткем. Андай болгон жок. Данек деп атын Жантай коюптур. Өзү өрүктүн данегин жакшы көрөт эле. Ошондон болсо керек. Кызым эжемди “апа” деп тили чыгып калганда бардым. Ошондо ширин кызымды көрүп алып, эжемден кызгандым. Таштап кеткениме өкүндүм. Эжемден кечирим сурадым, кечиргендей болгон, бирок мага кылган мамилеси кыжырды келтирет. Ушунча болду мен өзүмө зыян кылдым го? Эжеме эмес. Эмнеге эле таарынат? Данек аны “АПА” дегенде ого бетер жүрөгүмдөн кан агат. Уфф! Ошондон кийин жашоом шаарда болсо да, Ошко тез-тез каттачу болгом. Дайыма кызымды алып кетем деген үмүт менен барам, эжемдин бербесин түшүнүп келе берем. Азыр баарын эстеп алып ыйлап отурсам, эжем жаныма келе катарлаш отуруп:

– Кызыңды төрөбөйм дегенсиң. Мен алып калдым. Кыз сеники. Мен аны энесинен ажырата албайм. Бирок чоңойсун. Азыр сен алып кетип калсаң, ыйлабайбы? Психикасына доо кетет. Чоңойсо жиберем сага, энең ушул, бар деп. Азыр жөн кой. Бала баладай болуп чоңойсун. Анын жүрөгүнө санаа салба,- дегенде эжемди кучактай калдым. Ал дагы мени кучактап:

– Болду. Болду эми, ыйлаба. Өзүм да сыгылып кеттим. Сени урушкан сайын кайра өкүнүп кетем. Сени аяп.

– Эжеке... Жок дегенде сиз түшүнүңүзчү мени. Сиңдиңизди кандай бети жок болсо, ошондой кабыл алыңызчы. Суранам, эжооу,- деп балача эжемди өпкүлөп, анын кучагында бир топко чейин жаттым.

Бири-бирибизди кечиргендей болдук. Кечинде чогуу тамактанып отурдук. Ойгонгон кызым мени көрүп аябай сүйүндү. Ушунусуна да ыраазымын. Мейли, эжеси болоюн. Мени карап күлүп, бетимден чын жүрөгүнөн өөп турса болду, кудум азыркыдай. Алтыным менин, бүгүн анын жанында жатам. Сагынычымды таратайын. Анан ичиме ой батпай, күндөлүгүм, сени алып, сени менен ички сезимимди бөлүшүп жатам.

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: