Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Акбар акырындап өзүнө келип, ден соолугу жакшыра баштады. Кырктан жаңы эле өткөн адамдын бир заматта мындай оор абалга түшкөнү баарына күтүүсүз болду. Акбардын ушинтип бирөөнүн жардамына муктаж болуп калганына көптөрдүн ичи ачышты. Бирок убакыт өтүп, мыкты врачтардын жардамы менен, организм да күчтүү болгону үчүн тездик менен жакшы боло баштады. Акырындык менен сүйлөп, кыймылдап калды. Бул жолу да оорукананын короосунда отурушту экөө. Акбардын колдорун кармап, жанына жакын отурду Айкөл. Бир нерсе деп айтканга аракет кылып, бирок оозу барбай жаткандай.
– Айта бер эми,- деди күлүмсүрөгөн Акбар.
– Эмнени айтайын?
– Бир маанилүү сөз айта турган болгондо ушинтип эрдиңди тиштегилеп калмай адатың бар. Бир нерсе айтканы жатасың, бирок эркиң жетпей жатат.
Айкөл күлүп жиберди. Анын күлкүсүнө дал биринчи күнү ашык болгондой суктанып карады күйөөсү. Бооруна кыса кучактагысы келди. Кыймылдашы кыйын эле, тек гана сүйүп карап тура берди.
– Сиз мени жакшы изилдедиңиз окшойт. Дагы кандай адаттарым бар?
– Уктаар алдында сөзсүз чачыңды тарайсың, китеп окуп жатканда кирпиктериңди тез-тез ирмегилеп каласың. Ушул учуруңду ичим элжиреп карап тура бергим келет. Сабак жазып жатканда калемдин учун оозуңа такай бергендиктен, эриниң сыя болуп калат. Эртең менен кофе ичкенди жакшы көрөсүң. Дагы улантайынбы?
– Жок, жетет. Менден такыр күтпөгөн бир нерсе болсо, сизге жакпаган бир нерсе болсо, бирок ошондой керек болгон болсо мени кечиресизби?
– Кыргызча которчу, эмне деп койдуң?- деди тамашалаган Акбар.
– Маанисиз эле бир нерсе деп койдум окшойт. Кээде ошентип калмайым да бар го. Сизди жолуктурганыма аябай бактылуумун. Сиз менен аз убакыт өткөрсөм да, көп сабак алдым, чоңойдум, жашоого башкача карап калдым. Сүйүү, сүйүлүү эмне экенин билдим. Рахмат сизге!
– Аз убакыт өткөрсөм да дегениң кандай, мен эмне, өлгөнү жатамбы? Эми тиги дүйнөнүн оозунан кайтып келсем...- деди Акбар күлүп.
– Эми аз эле болду го бири-бирибизди билгенибизге, ошону айтып жатам.
– Дагы көп убактыбыз болот. Балдарыбыз болот, неберелерибиз да болот. Бирок неберелерди көргөнгө мен жетишпей калдым окшойт. Сен, буюрса, жетишесиң.
– Ооба, биздин неберелерибиз болот. Сизге окшош болушса керек.
– Кыздар сага окшош болсун.
– Сизди мен аябай кыйнадым, ээ? Жашооңуз мен келгенден баштап чар жайыт болду, жакшы досторуңуз жүз буруп кетишти. Жакындарыңыз болсо...
Айкөлдүн эрини титиреп, ыйлачудай болуп токтоп калды.
– Жакшы достор алардай болбойт, Айкөлүм. Менин бир гана жакшы досум бар. Ал чет өлкөдө иштейт. Үйлөнө элек, кыркка чыкса да колоктоп башы бош жүрөт. Бала кезибизден бери доспуз. Жакында ошол келет. Менин ооруп калганымды угуп жолдо экен. Мына, жалгыз гана досум ошол! Ал эми калганы жөн гана дос аты барлар болчу. Башыңа качан бир иш келгенде андайлар артка качышат. Кол сунушпайт. Көрмөксөн болушат. А чыныгы дос андай эмес. Эламан деген досум келе жатат. Достук деп ушуну айтыш керек. Жакшы адам. Ал эми жакындарым бир күнү болбосо, бир күнү мени түшүнүшөт. Аларга түшүндүрүү үчүн мен ушинтип инсульт болуп, өлүп, кайра тирилишим керек болгон окшойт го...
Акбар акырын күлүп калды. Чындыгында балдары, Мариям эми гана ага башкача жакын мамиледе болуп калганын байкады. Алар Айкөл менен бет келишти, эми мындан ары жеңил болчудай сезилип жатты.
Бирок Айкөлдүн ою таптакыр башкача болчу. Акбар жакшы болгондо Мариямга берген сөзүнө туруп, Акбардын жашоосунан чыгып кетмек. Биротоло кетмек. Бирок ал чечим жеңил болбочудай. Аз убакыттын ичинде колунан, бутунан чырмалып, бул адамга байланып калган экен. Эмне дээрин билбей, кантип коштошорун билбей турду.
– Колуңду берчи мага...
Айкөл колун берди. Акбар колун алып, өөп койду. Айкөлдүн көзүнөн жаштар агып жатты.
– Эмнеге ыйлап жатасың?
– Корктум, сизди мени таштап кетет экен деп корктум. Мен көп нерсеге чыдайм, бирок менин айымдан сиздин бир нерсе болушуңузга жол бербейм. Мен дагы бир өлүмдү көтөрө албайт элем.
– Тысс, өлүмдү айтпай турчу, Айкөлүм. Мен сени тапкандан бери, эми чындап жашай баштадым. Сенсиз жашоом кандай өттү экен деп ойлоп кетем. Кызык, кээде мен сени көрбөй, билбей калсам эмне болмок дегенде денем муздап кетет. Элестет, биз жолукпай калганыбызда эмне болмок? Негизи баарыбыздын бара турган жерибиз өлүм дечи. Бирок азыр эмес, сени жалгыз таштап кете албайм.
– Аялыңыз жакшы адам экени көрүнүп турат. Менимче, силер бир жакшы отуруп сүйлөшүп алышыңар керек. Ортоңордо айтылбаган көп сөздөр, таарыныч сезимдер бар экени байкалат экен.
– Мариям жакшы аял, бирок бирөөнүн сөзүнө тез кирип кетет. Ишенчээк, жашоону башкача кабылдайт. Кантсин, эл арасында болбоду, үйдө отурду балдар менен. Мында менин да күнөөм бар. Эми ойлонуп жатам, ал өз бутуна туруп, ишенимдүү болушу үчүн бир кесипти аркалашы керек экен. Өзү үчүн өнүгүшү керек. Ал аябай акылдуу аял.
– Сиздин күчүңүз – аялыңыз! Муну азырынча билбей жатасыз.
– Сен эмне эле мага Мариямдын адвокаты болуп алгансың?- деди Акбар таң кала.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















