Тынч уйкуга жардам берчү азыктар
Бадам
Бадам – белок, клетчатка, пайдалуу майлардын жана минералдардын булагы. Аны дайыма жегенде жүрөк ооруларын жана кант диабет дартынын алдын алса болот делет. Тынч уйкуга кандай таасири бар? Бадам тынч уйкуну жөнгө салчу мелатонин гормонун иштеп чыгууга жардам берет. Уйкусу тынч эмес адамдарга дарыгерлер дал ушул мелатонин бар дары-дармектерди жазып берет. Андан сырткары бадамда адамдын нерв клеткаларын тынчтандыруучу магний көп. Андыктан тынч уйку үчүн бадам миңдин бири. Уйкум тынч болсун деп жатарда көп өлчөмдө жеп алган туура эмес, жатарга 2 саат калганда 30 граммдан ашпаган өлчөмдө гана жеш керек.
Киви
Бул өсүмдүктүн курамында С, Е витаминдери, фолий кычкылы жана натрий бар. Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, кечинде 2 даана киви жеп жаткан адамдардын тынч уктаарын байкашкан. Уйкуга болгон мындай таасир кивидеги антиоксиданттарга жана “жыргалчылык” сезимин тартуулаган серотонинге байланыштырышкан. Бирок кивини ашказан-ичегилеринде оорусу барлар жегенге болбойт.
Ромашка менен чай
Жатарда эч нерсени ойлонбой, стресс болбой уктагысы келгендер ромашка чайын ичишет. Анткени бул чай нервди тынчтандырууга жана тынч уктаганга жакшы жардам берет. Эмнеге ромашка уктатат десеңиз, анын курамында табигый уктатуучу апигенин заты бар. Бул зат мээнин керектүү рецепторлоруна барып, уйку чакырат жана тынч уктаганга көмөктөшөт.
Жылуу сүт
Сүт жакшы көргөндөр, тынч уйку үчүн да сүт ичсе болорун билип алыңыз. Кечинде жатарда бир стакан жылуу сүт = тынч уйку. Эмнеге? Анткени сүттүн курамында уйкунун негизги компоненттерине кирген триптофан, кальций, Д витамини жана мелатонин бар.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















