super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Кекиртегиме тыгылып турду". Ташиев коррупционердин жанына отуруп калганын айтып берди 

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция кылгандар келтирилген чыгымды төлөп, боштондукка чыкканда кайрадан эле коррупцияга аралашып жаткандыктан мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу Ташиев Регион телеканалына маек берип жатып айтты.

Анын айтымында, коррупцияга шектелип мурдагы премьер-министр кармалып, келтирилген чыгымды төлөгөн. Бирок ал куран окутуу иш-чарасында өзүнүн жанында отуруп калган.

"Эл бизге "кечээ эле муну камадыңар эле, бүгүн ал ойноп жүрөт. Мал-мүлкүн алып жатасыңар, бирок өздөрү жаза алган жок" деген пикирлерин айтып жатышты. Бул талап туура. Мен өзүм дагы ушундай учурга туш болдум. Мурда премьер-министр болуп иштеген чиновник коррупцияга шектелип кармалып, мүлкү конфискацияланган. Ал адам куран окутууда жаныма отуруп калыптыр. Ошондо өзүмдү аябай ыңгайсыз сездим. Жеген тамагым кекиртегиме тыгылып турду. Ооба, ал кишинин мал-мүлкүн мамлекетке өткөргөнбүз, бирок кечээги коррупционер менин жанымда отурат.

Анан биз орчундуу чараларды жасашыбыз керектигин ойлондук. Акча тараптан пайда берип жатканы менен, коррупцияны токтотуу тарабынан натыйжа бербей жатканын сездик",- деди Ташиев.

Ошондой эле бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин жанан азыр коррупция кылган адам келтирилген чыгымды төлөп берсе дагы камакка алынарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: