"Куту-куту акчаларды көтөрүп..." Ташиев ага пара сунуштагандар болгонун айтты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө пара сунуштаган учурлар болгонун айтты.
Анын айтымында, алар тарабынан акчага кызыктыруу аракеттери болгон.
"Кантип Ташиев пара албайт, кантип Ташиевди сатып алса болбойт, ал катип байлыкка кызыкпайт?" дегендер болду. Алар "жок, муну биз кызыктырабыз" деп аракет кылып көрүштү. Ар түрдүү, чачың тик тура турган учурлар болду.
Менин үйүмө чейин "ушуну чечип бериңиз" деп, куту-куту акчаларды көтөрүп келгендер болду. Көйгөйлөрүн чечмек тургай, аларадын кайра өздөрүн жазаладык. Ошондо анан алар түшүнүштү",- деди атайын кызматтын башчысы Регион телеканалына берген маегинде.
Ташиев ага пара сунуштагандар болгонун айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-12-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















