super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жогорку Сот биринчи жолу сот отурумдарын түз эфирде көрсөтө баштады

 

Кыргызстандын Жогорку Соту соттук отурумдарды түз эфирде трансляциялоо боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу 9-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, долбоор Жазык-процесстик кодекстин жаңы жоболорун ишке ашыруунун жана мамлекеттик кызматты дебюрократиялаштыруу чараларынын алкагында ишке ашырылууда. 2025-жылдын ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу башталды.

Долбоордун башкы максаты — сот системасын калк үчүн ачык, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылуу.

Жогорку Соттун маалыматын караганда, бардык видео-жазуулар мекеменин YouTube каналына — “Жогорку сот Верховный суд” www.youtube.com/@JOGORKU_SOT) жеткиликтүү түрдө жайгаштырылат. Бул каалаган жаранга сот ишинин чыныгы практикасы менен таанышууга шарт түзөт.

Ошондой эле видеожазуулар пилоттук режимде жана агартуу максаты менен даярдалганы белгиленди. Үчүнчү жактар тарабынан коммерциялык максатта пайдаланууга, ошондой эле автордук укук ээсинин уруксатысыз көчүрүүгө жана тартууга жол берилбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: