Ташиев: "Коррупция боюнча иш алып барган эл аралык уюмдар саясатташып кетишкен"
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Регион телеканалына курган маегинде коррупция боюнча рейтинг чыгарган эл аралык уюмдар саясатташып кеткенин айтып өттү.
"Кээ бир эл аралык уюмдар өздөрү коррупциялашкан. Азыр коррупцияга каршы күрөшкөн өлкөлөрдүн рейтинггин чыгарган уюмдар биздин абройду кайра түшүрдү. Ал эч нерсени өзгөртпөйт. Коррупция менен күрөшүүдө 2020-жылга чейинки абал менен азыркыны салыштырып болбойт. Биз кыйла өзгөрдүк, коомубуз, мамлекеттик органдар өзгөрдү. Азыр деле азыраак коррупция болууда. Бирок алар токтойт.
Чет элдик коррупциялык чекти түзгөн уюмдар саясатташып кетишкен. Азыр Кыргызстан мурдагы союз мамлекеттеринин арасында коррупцияга күрөшүү боюнча эң алдыңкы орунда. Биздин рейтинг бүгүкү күндө кыйла жогорулашы керек эле. Бирок аларга мунун кереги жок болуп жатат", - дейт Ташиев.
Ошондой эле УКМКнын төрагасы коррупция менен күрөшү мындан ары дагы да күчөй турганын баса белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















