Талас шаарындагы жылуулук жана санитардык абал боюнча жыйын өттү
Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев Талас шаарындагы жылуулук жана санитардык абал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 9-декабрда аймактагы өкүлчүлүк кабарлады.
Жыйында облус башчысы шаардагы бир катар орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүп, шаар мэри Нургазы Асылбековго тийиштүү тапшырмаларды берди жана тез аранын ичинде аткарылышын милдеттендирди.
Анда облус башчысы калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жылуулук менен толук камсыз болбой жатканын белгилеп, бул маселе токтоосуз чечилиши керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле шаардын санитардык абалы, тазалык маселелери дагы көңүл сыртында калбай, шаар аймагын иретке келтирүү зарылдыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-12-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















