15 жаштагы өспүрүмгө сейрек кездешүүчү операция ийгиликтүү жасалды
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы бейтапка сейрек кездешүүчү жогорку технологиялуу операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кабарланды."Техникалык жактан абдан татаал жана узакка созулган бул операция ийгиликтүү өттү. Бейтап эки күн жандандыруу бөлүмүндө болуп, андан кийин жалпы бөлмөгө которулду. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда жана жакын арада үйүнө чыгарууга даярдалууда", - деп айтылат анда.
Адистер белгилегендей, мындай операциялар Кыргызстанда жалгыз Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда гана жасалат.
Аталган институттун дарылоо иштери боюнча башкы дарыгери Бекболот уулу Нурболот жасалган операциянын маанилүүлүгүн жана институттун жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы ордун баса белгиледи.
«Операция техникалык жактан өтө татаал болду. Анын ийгиликтүү аткарылышы командалык иштин жана институттун материалдык-техникалык базасынын жогорку деңгээлинин аркасында мүмкүн болду. Мындай операциялар республикада жалгыз гана биздин институтта жасаларын баса белгилейбиз.
Биздин жамаат балдарга өзгөчө көңүл бурат: 6 жашка чейинки балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга операциялар акысыз жасалат. Бейтаптын абалы турукташканына кубанычтабыз жана ага толук сакайып кетүүнү каалайбыз», — деди Бекболот уулу Нурболот.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















