Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын жаңы имараты курула баштады (видео)
Бишкек шаарында жайгашкан Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын эски имаратынын ордуна жаңы заманбап имараты куруу иштери башталды. Бул тууралуу 9-декабрда Маданият министрлиги маалымат таратты.
Окуу жайдын мурдагы имаратынын техникалык абалы канааттандырарлык болбой, конструкциялык элементтеринде олуттуу бузулуулар аныкталган. Ошондой эле тиешелүү талаптарга жооп бербей келген.
Курулуп жаткан жаңы имараттын жалпы аянты окуу корпусту жана жатакананы кошкондо болжол менен 13 600 чарчы метрди түзөт. Имарат жер төлөөсү менен кошо сегиз кабаттан турат жана заманбап талаптарга ылайык бардык керектелүүчү жабдуулар менен толукталат.
Белгилеп кетсек, окуу жайдын жаңы имаратын куруу ишинин башталышы үчүн Турукташтыруу фондунан Президенттин иш башкармасына 750 миллион сом бөлүнгөн.
Жаңы окуу корпусу 2026-жылдын 31-декабрында пайдаланууга берилиши пландалууда. Имаратта ашкана, жатакана, 300 орундуу чоң концерттик зал, 5 кичи концерттик зал, конференц-зал, спорт комплекси жана жер төлөдөгү унаа токтотуучу жай каралган.
Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын эски имаратынын ордуна жаңысы курулат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-12-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















