Бишкекте курулуш компаниянын бирине айып салынып, иши убактылуу токтотулду
Бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарында коопсуздук эрежелерин сактабаган курулуш компаниясына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Кабарга ылайык, Бишкек шаарынын 10-кичи районунда курулуш объектисинде коопсуздук техникалык эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу жашоочулардан видео кайрылуу келип түшкөн.
Министрликтин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү. Маалым болгондой, 4 кабаттуу соода борбордун курулушунда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Глав Тех Инвест” ЖЧКсына карата админстративдик акт түзүлүп, 200 000 сом, ал эми курулуш объектисиндеги прорабга 5500 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле жазуу түрүндө эскертүү берилип, кемчиликтер жоюлмайынча курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Мындан сырткары курулуш компаниясынын лицензиясын токтотуу маселеси атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунда каралат.
Курулуш министрлиги коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга айып салды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-12-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















