super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Балыжа үңкүрү: Карст дүйнөсү, ден соолук сырлары жана жарганаттар жашаган табышмактуу аалам (видео)

 

Түркиянын Токат провинциясынын Пазар районуна караштуу тоо этектеринде жайгашкан Балыжа үңкүрү жыл сайын миңдеген туристтерди өзүнө тартууда. ЮНЕСКОнун табигый мурастар тизмесине талапкер катары киргизилген бул үңкүр дүйнөдөгү эң кооз жана уникалдуу карсттык түзүлүштөрдүн бири катары белгилүү. "Мен көргөн Түркиянын" кезектеги түрмөгү дал ушул миллион жылдык үңкүрдүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу болот.

Балыжа үңкүрүнүн жашы болжол менен 3,4 миллион жыл деп бааланат. Үңкүр өзүнүн алтыдан ашуун залдары, көп кабаттуу багыттары, тартиби жана табияттын кылымдар бою түптөгөн сталактит-сталагмиттери менен жандуу музей сыяктуу таасир калтырат. Ал жерде ошол гана жерде кездешүүчү "пияз сымал" сталактиттер бар. Үңкүрдө адамдын сөөктөрүн да көрүүгө болот. Бирок окумуштуулар ал багытты азырынча толук кандуу изилдешпегендигин үңкүрдүн кызматыкери Мехмед Үлкү айтып берди.

"1987-жылдары окумуштуулар тарабынан изилдөө иштери башталып, 1991-жылдан баштап бул жер кызыккандар үчүн өз эшигин ачты. Ал эми адамдардын сөөктөрү табылганы менен азырынча аларды изилдөө иштери жүргүзүлө элек. Кайсы учурга жана доорго таандык экенинин айтуу кыйын. Мындан тышкары үңкүр ЮНЕСКОнун убактылуу табигый мурастарына киргизилген. Бирок туруктуу тизмеге киргизүү аракеттери жүрүүдө. Бул үңкүрдүн өгөчөлүгү – пияз сталактиттери, красттар. Алар жүздөгөн эмес, миллиондогон жылдарда өтө жай пайда боло турган табияттын кубулуштары", - деди Мехмед Үлкү.

Үңкүрдүн ичиндеги микроклимат өзгөчө: орточо температура +18°С, нымдуулук болжолдуу 54 пайыз деңгээлде туруктуу сакталат. Жергиликтүү адистер мындай аба дем алуу органдары менен жабыркаган адамдарга жеңилдик берерин белгилешет. Балыжа үңкүрүндө жүргөндө дем алуу кыйла жеңилдеп, 3-4 күндөн кийин көкүрөк жумшарат. Атайын келген туристтер үңкүрдүн ичинде 2-3 саат отуруп дем алып кетишет.

Пандемияга чейин жылына 150 миңге чукул туристтер келип турган, азыр алардын аягы солгундаганы менен, ден соолугуна кам көргөндөрдүн дагы деле көңүл чордонунда. Адистер бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатканын айтып, жакынкы жылдары үңкүр Түркиянын эң популярдуу табигый парктарынын бири болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Балыжа үңкүрү археологиялык жана геологиялык маанисинен сырткары, жарганаттардын жашоо ареалы катары да белгилүү. Үңкүрдүн туруктуу нымдуулугу, температурасы жана табигый купуя мейкиндиги бул жерде жарганаттардын бир нече түрүнүн жашашына шарт түзөт. Адистердин айтымында, Балыжа үңкүрү аймактагы жарганаттардын эң чоң колонияларынын бирин камтып, биологиялык ар түрдүүлүк боюнча маанилүү объект болуп эсептелет. Изилдөөлөр мында жарганаттардын экосистемадагы ролун аныктоого да өбөлгө түзөт. Жаратылыштын мындай өзгөчө көрүнүшү Балыжаны тек гана тарыхый эмес, биологиялык маанилүү аймак катары да көрсөтүп турат.

Балыжа үңкүрү Түркиянын табиятын жана байыркы тарыхын айкалыштырган уникалдуу археологиялык объект. Акыркы жылдары бул аймакта табылган адам жашоосунун издери, таш формациялар жана геологиялык катмарлар үңкүрдүн илимий маанисин мурдагыдан дагы арттырды.

Адистердин айтымында, Балыжа үңкүрү аймактагы эң баалуу палеонтологиялык жана археологиялык комплекстердин бири болуп эсептелет. Ошондуктан үңкүрдү толук изилдөө, коргоо жана келечекте туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн археологдордун, геологдордун кошумча катышуусу зарыл.

Балыжа — табияттын жаралышы менен адамзат тарыхы түйүлгөн сейрек кездешүүчү жай. Аны сактоо жана терең изилдөө аймактын маданий мурасын кийинки муундарга калтырууда маанилүү кадам болуп саналат.


кошулду





Токаттагы Балыжа үңкүрү эң маанилүү археологиялык табылга

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: