Кыргыздын максым жасоо ыкмасы ЮНЕСКОго киргизилди
Кыргыз элинин максым жасоо ыкмасы жана салттык билими ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чечим бүгүн, 10-декабрда Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 20-сессиясында бир добуштан кабыл алынган.
Министрлик максым боюнча сунуштама 4 жыл даярдалып, 2023-жылы ЮНЕСКОнун катчылыгына тапшырылганын, андан соң эл аралык серепчилердин оң баасына татыганын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине 16 элемент киргизилген. Алсак, "Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги, “Ала кийиз”, “шырдак”, “көк бөрү", “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” жана башкалар бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:34
2025-12-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















