Бишкекте 2025-жылы рекорддук көрсөткүчтө жол оңдолду
2025-жылы Бишкекте дээрлик 100 чакырым жол оңдолду. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, буга чейин борбор калаада жылына 30 чакырым жол оңдолуп келген.
“120 чакырымдан ашык жолдорго каржылоо бөлүнгөн, бирок быйыл айрым жолдорду баштабай койдук. Себеби суукка чейин бүтпөй калуу коркунучу бар болчу. Каражат бар, бул көчөлөр кийинки жолу сөзсүз оңдолот. 2026-жылга карата да амбициялуу пландарыбыз бар. Негизинен борбордон алыстагы 100 чакырымдан ашык жолдорду оңдоону көздөп жатабыз”, - деп билдирет Рамиз Алиев.
Ал эми шаардык кеңештин депутаты Казыбек Эргешов Свердлов районундагы айрым көчөлөр сапатсыз оңдолгонун белгиледи. Ал жоопкерчиликсиз подрядчыларды кара тизмеге киргизип, кемчиликтерди кайра оңдоого мажбурлоону сунуштады.
Мэрдин орун басарынын маалыматына ылайык, Свердлов районунда 7,5 чакырымдан ашык жол оңдолгон.
“Бүгүнкү күнгө карата арыздар түшүп жатат жана начар оңдолгон бөлүктөрүн кайра куруу талабы менен кат жөнөтүлдү. Кийинки жылы аларды аныктоодо мөөнөттөрүн сактабаганын же аларга каршы арызданган компаниялардын кара тизмесин эске алабыз. Ар бир жолдун үч жылдык кепилдиги бар. Эгерде кемчилик табылса кепилдик кайрадан күчүнө кирет”, - деп жооп кайтарды вице-мэр.
Учурда шаар боюнча 147 көчөдө жол иштеринин 122си асфальт төшөө, 25и тротуарларды оңдоо иштерине байланыштуу аяктады. Эки көчө оңдоо иштери кийинки жылга калтырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















