super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Касымалиев  Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радинин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышалыгынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин ырасташты.

Элчи Кыргызстандагы ишинин жүрүшүндө кыргыз тарап тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалап, миссиянын мезгили учурунда өлкөлөр ортосундагы достук байланыштардын олуттуу бекемделишине салым кошконун жана ага эң жагымдуу таасир калтырганын белгиледи.

Касымалиев өз кезегинде элчиге кыргыз-сауд мамилесин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте конструктивдүү диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин белгиледи.

Өкмөттөн билдиргендей, тараптар акыркы жылдарда ишке ашырылган жемиштүү биргелешкен иштердин жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: