Акыркы он жылда Жаңы жылга "жасанган" башкы балатылар (сүрөттөр)
Эски жылды узатып, Жаңы жылды тосуп алар алдында майрамга болгон даярдык өлкөнүн бардык аймактарында кызуу жүрүп жаткан кези. Шаар көчөлөрү кооздолуп, майрамдык программаларга даярдыктар уланууда. Буга улай SUPER.KG порталы акыркы он жыл ичинде Бишкек шаарынын борбордук аянтына орнотулган балатылардын сүрөттөрүн топтоду.
Бул жылы борбордук аянтта жаңы жылдык жасалгалоо иштери 20-ноябрда башталган. Учурда балаты кооздолуп, жасалгалоо иштери аягына чыга баштады.
Башкы балатынын бийиктиги 35 метрди түзөт. Жаңы жылдык кооздукка 2 миң даана көк жана күмүш түстөгү шарлар керектелген. Айта кетсек, башкы балатынын оту 15-декабрда жандырылат.
2024-жылы "Ала-Тоо" аянтына коюлган жаңы жылдык балатынын чырактары 14-декабрда жандырылган. Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзгөн болчу. Ал эми жасалгалоого 1,5 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Ал эми 2023-жылдагы башкы балатынын бийиктиги 32 метрди түзүп, КМШнын борборлорундагы эң бийик балатылардын тизмесинде бештикке кирген болчу. Ал жарык берүүчү оюнчуктар менен жылдагыдан өзгөчө кооздолуп, шаар тургундарынын алкышына татыган.

2022-жылы Бишкек шаарында Жаңы жылдык балаты 7 миң оюнчук менен кооздолгон. Бул кыргыз калкынын саны 7 миллионго жетиши менен байланыштуу экени айтылган эле. 25 метрлик балатынын чырактары 16-декабрда жандырылган.

2021-жылы борбордук аянтка коюлган балатынын бийиктиги 15 метрди түзгөн. Ал убакта балатыны жана көчөлөрдү жасалгалоого 5 жарым миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

2020-жылы борбор калаадагы балатынын бийиктиги 25 метрди түзүп, анын чырактары 10-декабрда жандырылган. Бишкек шаардык мэриясы балатыга аз суммада каражат кеткенин айтып, бирок так суммасын айтышкан эмес.

2019-жылы борборго узундугу 27 метрди, диаметри 12 метрди түзгөн балаты орнотулган. 
Ал эми 2018-жылы борбордогу башкы балатынын бийиктиги 25 метрди түзгөн. Бул жылы Бишкек шаарын Жаңы жылга карата жасалгалоого бул жылы 6 миллион 500 миң сом сарпталган. 
2017-жылы Бишкектеги эң негизги балатынын бийиктиги быйыл 25 метрге жеткен. Расмий түрдө балатынын чырактарын жандыруу аземи 15-декабрда өткөн. Улуттук колориттеги оймо-чиймелер менен кооздолгон балатынын айланасында көптөгөн жаңы жылдык композициялар орнотулган. Жалпысынан шаарды майрамга карата жасалгалоого 15 миллион 500 миң сом сарпталган. Анын ичинен балатыны кооздоого 1 миллион 200 миң сом жумшалган. 
2016-жылы баш калаага бийиктиги 29 метрди, диаметри 12,5 метрге жеткен балаты орнотулган. Бул жылы өлкөнүн башкы балатысына 1200 оюнчук жана улуттук стилдеги 77 жасалга, жылдызча түрүндөгү 60 светодиоддук жасалга жана 50 светодиоддук кар бүртүкчөлөрү, ошондой эле жалпысынан узундугу 2 чакырым 600 метр 260 гирлянда илинген.

2015-жылы башкы балатыга жалпысынан 64 миң жарык берүүчү чырак орнотулган.

0

Супер-Инфо
super.kg видео















