super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Конституциялык сот өлүм жазасы тууралуу сунушту карады

 

Конституциялык сот бүгүн, 10-декабрда “Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушту карап чыкты.

Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

"Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Конституцияга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди.
Демек, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес. Аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык соттун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Конституциялык сот өлкө башчынын сунуштамасын кабыл алып, аны кароого киришкени кабарланган.
Белгилей кетсек, Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору октябрь айында коомдук талкууга коюлган. Учурда өлкөнүн Баш мыйзамы өлүм жазасына тыюу салат. Бул тыюу качан күчүнө кирген, өлкөдө акыркы өлүм жазасы качан ишке ашырылган? Бул суроолорго жооп алуу үчүн ушул шилтемеден окусаңыз болот.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: