Түптө кар күрткүдө калган сегиз унаа чыгарылды
Ысык-Көлдүн Түп районунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам кар күрткү пайда болуп, Токтоян - Чоң-Тогузбай - Михайловка унаа жолунда 8 унаа карга тыгылып калган.
Жерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаев башында турган ыкчам топ тартылып, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте 8 унаа кар күрткүдөн чыгарылды.
ӨКМ унаанын ичиндеги жарандардын абалы туруктуу экенин билдирди.
Маалыматка таянсак, учурда тиешелүү кызматтар тарабынан инженердик техникалар тартылып, жолду тазалоо иши жүрүүдө.
Азыркы тапта Түп районунда кар жаап, бороон болууда.
Түп районунда кар күрткүдө калган унаалар чыгарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:34
2025-12-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















