Үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталып ЖОЖдун мугалими кармалды (видео)
Бишкекте жогорку окуу жайдын окутуучусу үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 102 кызматына 11-кичирайондон үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция барганда, 1988-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран өзүнүн жубайына кол көтөргөнү аныкталды.
Бул факт боюнча Жоруктар жөнүндө кодекстин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен административдик акт түзүлдү. Келиндин жолдошу убактылуу кармоо жайына киргизилди. Маалыматка караганда, кармалган жаран борбордогу жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштейт.
Тергөө уланууда.
Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук фактысына айыпталып ЖОЖдун мугалими кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















