ТИМ өлүм жазасын киргизүү боюнча билдирүү жасады
Тышкы иштер министрлиги Конституциялык соттун Башмыйзамга өлүм жазасын киргизүүгө каршы чыгарган чечимин колдоду.
"Өлкө кошулган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана мында денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет.
Мындай шарттарда ички мыйзамдарга өлүм жазасын киргизүү өлкөнүн өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келмек жана бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт",- деп айтылат маалыматта.
Министрлик өлкө укуктук мамлекет катары мындан ары да өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткара берерин белгилеп, өлүм жазасы киргизилбегени менен бийлик аялдарга жана балдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча иштерди улантарын кошумчалады.
ТИМ өлүм жазасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууда дагы колдоо таппаганын белгиледи.
Айта кетсек, кечээ, 10-декабрда Конституциялык сот президенттин “Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушун карап, өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Башмыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянак чыгарган.
Башмыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору октябрь айында коомдук талкууга коюлган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















