super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт башчы кыргыз элин Эл аралык тоолор күнү менен куттуктады 

 

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Эл аралык тоолор күнү менен кыргыз элин куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, климаттык өзгөрүүлөр тоолуу аймактарда мөңгүлөрдүн эриши, кар катмарынын азайышы, көчкү, сел жана суу ташкыны, токойлордун деградациясы жана биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу түрүндө болуп жаткандыктан, тоолордун абалы чечкиндүү аракеттерди талап кылууда.

"Президент Садыр Жапаровдун демилгесине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык глобалдык деңгээлде тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер ишке ашырылууда. Биздин өлкө өнөктөштүктү бекемдөө менен эл аралык аренада тоо күн тартибин алга жылдырууга олуттуу салым кошууну улантууда. Улуттук деңгээлде биздин мамлекет инфраструктураны өнүктүрүү, жолдорду модернизациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, туризмди, айыл чарбаны, жашыл экономиканы жана энергетиканы колдоо, ошондой эле социалдык мекемелер тармагын кеңейтүү жолу менен тоолуу аймактардагы калктын жашоо-турмушунун социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу боюнча этап-этабы менен чараларды көрүүдө.

Бул символикалык күнү мен Кыргызстандын бардык жарандарын, өнөктөштөрүн жана досторун тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө өз салымын кошууга: жаратылышка багытталган чечимдерди кабыл алууга, тоолорубуздун флорасы менен фаунасын коргоого, инновацияларды, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана бул багыттарда эл аралык кызматташтыкты алга жылдырууга чакырам.

Биологиялык ар түрдүүлүктү, салттуу билимдерди жана жаратылыш менен гармонияда жашоо тартибин сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, бийик тоолуу жайлоолорбу же түбөлүк кар турган мөңгүлөрбү, тоо экосистемаларын сактоо – бул бизден жана келечек муундардан ата-бабалардын мурасына аяр мамилени талап кылат",- деп жазылат өкмөт башчынын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: