super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Оштун мэри жаңы "Келечек" базарына соодагерлерди көчүрүү мөөнөтүн жылдырды (видео)

 

Ош шаарында курулушу кызуу жүрүп жаткан “Келечек” базарын пайдаланууга берүү мөөнөтү 1-мартка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда таңкы рейд учурунда мэр Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Анда көчүрүү маселеси талкууланып, соодагерлерди кыштын ызгаарында кыйнабоо максатында көчүрүү мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынды.

"Элге 1-январда жаңы базарга көчүрөбүз деп айтканбыз, алар батасын берип кеткен. Соодагерлер баары макул болушкан. Биз элди 31-декабрда кирип келген Жаңы жылы менен куттуктайбыз, Ош шаарыбыз өнсүн, өссүн деп каалоо айтып, 5-январдан баштап соодагерлерди көчкүлө десек, туура эмес болуп калат экен. Мына, декабрь бүтүп бара жатат. Январдын 15ине чейин соода жок болуп, эч ким иштебейт. Январдын 28не чейин кыш, ары жагы эрте жаз башталат. Андыктан элге жакшылап түшүндүрөлү. Бутө элек базарга көчүрүп, баткакта элди кыйнабайлы",- деди Токторбаев.

Шаар башчысы 1-марттан соодагерлерди көчүрүп, 8-мартта чоң ачылыш уюштурула тургандыгын белгиледи.






Оштогу жаңы "Келечек" базарын пайдаланууга берүү мөөнөтү жылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: