super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жарандык активист Айбек Теңизбайдын кармалганы айтылууда

 

Бүгүн, 11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылында активист Айбек Теңизбайды өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар кармап кетишкенин "Азаттык" жазып чыкты.

Басылмага активисттин кармалганын анын эжеси жана жакындары тастыкташкан. Алар Айбек Теңизбайдын апасынын да телефонун алып кетишкен. Азырынча жарандык активистти кайсы укук коргоо органынын кызматкерлери кармап кетишкени тактала элек.

Айбек Теңизбай YouTube`дагы каналында бир нече саясатчылар менен маек курган. Анда ал маектешине сөз эркиндиги тууралуу суроолорду да узатып келет. Теңизбай социалдык тармактагы баракчасында бийликтин айрым иштерин сындаган постторду жазып турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: