Чыр болгон №13 округдан ат салышкан 6 талапкер БШКны сотко бергени айтылды
Жыйынтыгы жокко чыгарылган №13 шайлоо округунан катышкан 6 талапкер БШКны Бишкек шаардык административдик сотуна берген. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Ал сот БШКнын чечимин өзгөртүүсүз калтырганын тактады.
"Эми административдик соттун чечимине макул болбогондордун Жогорку сотко кайрылууга укугу бар",- деди Жупуева.
Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра өтөрүн, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген.
Маалыматта айтылгандай, №13 округдагы 35 шайлоо тилкесинде талапкерлердин өкүлдөрү мыйзамсыз видеокөзөмөлдөрдү орнотуп, добуш берүү учурунда шайлоочулардын аракеттерин көзөмөлдөп турганы аныкталган. Округ боюнча жалпы 94 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Талапкерлердин өкүлдөрү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн видеого тартууну токтотууга жасаган аракеттерине баш ийишкен эмес.
Бул аймакта эң көп добуш алган талапкерлер Бакытбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова болчу.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















