БШКнын өкүлү Жылдыз Жолдошова сотко арызданганын ырастады
БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева №8 жана 9 округдан бирден талапкер БШКнын чечимине каршы административдик сотко кайрылганын билдирди.
Ал "Биринчи радиого" курган маегинде алардын арызы 11-декабрда караларын тактады.
Буга чейин №8 округундан ат салышкан Жылдыз Жолдошова БШКнын чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна кайрылганын кабарлаган.
Айта кетсек, Жолдошова кезексиз парламенттик шайлоодо аталган округдан гендерлик квота боюнча алдыга чыккан. Шайлоодон кийин №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылганы белгилүү болгон. Мекеме Жолдошованын ордуна Нуржамал Төрөбекованы депутат катары таануу боюнча токтомду жактырган.
БШК ошондой эле №9 округдан гендердик квота боюнча Ыргал Кадыралиеваны депутат кылып каттоодон баш тарткан. Буга №9 округдагы 7 шайлоо тилкесинин жыйынтыктарынын жокко чыгарылышы себеп болгон.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















