Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эртең "Э-Мурас. Эко-Мурас форуму" өтөт
Эртең, 12-декабрда саат 11:00дөн 12:00гө чейин Евразия KG коомдук фондунун колдоосу менен Ала-Тоо аянтынын чыгыш тарабында (Агропромдун Чыгыш галереясы) "Э-Мурас. Эко-Мурас форуму" өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын экологиясын, чыгармачылыгын жана маданий баалуулуктарын бириктирет. Форум таза өлкөгө, жоопкерчиликтүү керектөөгө жана күнүмдүк жашоодо таштандысыз жашоого үндөө болуп саналат. Форум экологиялык таза ой жүгүртүүнүн символу боло алат.
"Экология таштанды жана кайра иштетүү жөнүндө гана эмес. Бул жерибизге, маданиятыбызга, келечегибизге болгон урматтоо. Ошондуктан, биз экологиялык демилгелерди чыгармачылык жана заманбап искусство менен айкалыштырып, экологиялык таза жашоо образына иш-чараларды өткөрөбүз",- деп билдирген уюштуруучулар.
Форумдагы негизги иш-чаралар:
1. Ачык асман алдындагы "EMURAS KG" көргөзмөсү
"Буюмга экинчи өмүр берүү идеясы" стилдүү, жаркын жана тайманбас көрүнүшү.
Ачык асман алдындагы аянтта Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин орто кесиптик билим берүү колледжинин студенттеринин, дизайнерлердин кайра иштетилген материалдардан стилдүү, уникалдуу жана экологиялык жактан таза кийимдерди жасаган коллекциялары көрсөтүлөт.
Максаты – жаштарды айлана-чөйрөгө аяр мамилени калыптандыруу жана текстиль калдыктарын чогултуу жана сорттоо.
2. Ачык асман алдындагы тамеки калдыктарын кайра иштетүү көргөзмөсү
БГУ Enactus командасы тамеки калдыктарын кайра иштетүү боюнча инновациялык экодолбоорду ишке киргизип, аларды пайдалуу материалдарга, пестилиддерге, көркөм сүрөттөргө айлантууда. Демилге ысырапкорчулукту азайтуу жана экология жаатында креативдүү жана илимий чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.
3. "Даайры" эко көргөзмөсү
Кайра иштетилген материалдардан жасалган буюмдардын дизайны, кийимдер жана аксессуарлардын көргөзмөсү. Туруктуу чечимдердин галереясы, анда кыргыз кол өнөрчүлөрү өз эмгектерин көрсөтүшөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















