super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте кыз менен таанышкан жигит тонолду

 

Бишкекте 23 жаштагы 2 жигит киши тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 20 жаштагы жигит милицияга арыз менен кайрылган. Ал интернет аркылуу бир кыз менен таанышып, анын сунушу менен экөө жолугушууну пландашканын айткан. Жабырлануучу макулдашуу боюнча 5-декабрда түнкү саат 04:30да спорт комплекстеринин бирине барган. Бирок ал жактан аны 2 жигит тосуп алып, коркутушуп, iPhone 11 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун жана кол саатын тартып алышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда тергөө иштери уланууда.






Бишкекте кыз менен таанышкан жигит тонолду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: