Караколдо мал уурулукка шектелген адам кармалды
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мал уурулукка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 16-ноябрда 1979-жылы туулган М.С. милицияга кайрылып, түндө үйүнүн сарайынан 2 баш ую уурдалганын айткан. Жабырлануучу келтирилген чыгымды 240 миң сом деп көрсөткөн.
Ошол эле күнү милицияга дагы башка жаран арыз менен кайрылып, болжол менен саат 7:30 чамасында үйүнүн алдынан 2 баш тайын уурдатканын билдирди. Анын келтирилген чыгымы 160 миң сом деп бааланды.
Эки арызга тең Кылмыш жаза кодексинин 205-1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган малдар 17-ноябрда Жети-Өгүз районуна караштуу Светлая Поляна айылынан табылган.
Ал эми кылмышка шектүү 8-декабрда Чүй облусунун Сокулук районунан кармалган. Ал Чүй облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, 1996-жылы туулган А.Р. экени аныкталды. Алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Каракол шаардык соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарып, тергөө амалдары уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















