Максым ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары расмий түрдө таанылды
ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 20-сессиясында тарыхый чечим кабыл алынды: кыргыз улуттук суусундугу максымдын даярдалышына тиешелүү салттуу билим жана маданий иденттүүлүк Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.
Дүйнөлүк маданий ар түрдүүлүктү сактоого жооптуу ЮНЕСКО уюму максымды уникалдуу кубулуш катары тааныды. Суусундук муундан муунга өтүп келе жаткан элдик билимди, маданий баалуулуктарды жана кыргыз меймандостугунун өзгөчө философиясын айкалыштырат.
Бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү: кыргыздарды саякаттарда, күнүмдүк жашоодо жана майрамдык каада-салтта коштоп келген улуттук суусундук биринчи жолу дүйнөлүк маданий мурастын бир бөлүгү катары эл аралык деңгээлде таанылууда.
Максымдын сакталышында жана жайылышында өзгөчө роль «Шоро» компаниясына таандык. 30 жылдан ашык убакыттан бери бул бренд улуттук суусундуктарды өлкөнүн күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айландырып, аларды эл аралык аудиторияга тааныштырып келет.
Шоронун негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиев улуттук символдордун баалуулугун кайра-кайра баса белгилечү: «Биз, кыргыздар, дүйнөнүн башка эч бир жеринде кездешпеген үч уникалдуу мураска ээбиз: «Манас» эпосу, «Максым» суусундугу жана «Ордо» оюну».
Бүгүнкү күндө бул сөздөр өзгөчө мааниге ээ. Таабалды Бердигуловичтин акылмандыгынын, ишкердик кайраттуулугунун жана улуттук маданиятка болгон чоң сүйүүсүнүн аркасында максым миллиондогон кыргызстандыктар үчүн күнүмдүк суусундукка гана эмес, адамзаттын маданий мурасынын жогору бааланган элементине айланды.
Кылымдар бою кыргыз элинин жашоосун, тиричилигин жана рухун колдоп келген суусундук ЮНЕСКОнун тизмесине расмий түрдө киргизилгенине биз абдан кубанып, сыймыктанып жатабыз.
Бул ийгиликке салым кошкондордун баарына терең ыраазычылык билдиребиз: Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун жамаатына, Материалдык эмес маданий мурастар комитетине жана Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигине жана “Айгине” маданий изилдөө борборунуна.
Бул жетишкендик – замандын мөөрү. Бүгүн дүйнө жүзү кыргыз эли кылымдар бою сактап келген максым – тарыхыбыздын жана жан дүйнөбүздүн бир бөлүгү экенине күбө болду. «Шоро» компаниясы үй шарттарында үй-бүлөлүк рецепттерге ылайык жасалган суусундукту улуттук масштабга көтөрүп, максым өзүнүн аныктыгын сактап, чынында популярдуу суусундукка айланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















