Маданият министри "Үмүт" балдар реабилитациялык борборунун жаш таланттары менен жолугушту (видео)
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын кабыл алды. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда министр социалдык тармактардан Айбек Тенизбаевдин ырдаган, Лидия Филатованын пианино ойногон жана Руслан Ахмеровдун бийлеген видеосун көрүп, чоң кызыгуу пайда болгонун белгилеп өткөн.
"Таланттуу жаштардын өнүгүүсүнө шарт түзүү маанилүү. Музыкалык окуу жайларда билим алууга, чыгармачылык өнүгүүнү улантууга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз", - деген министр.
Ошондой эле Мамбеталиев балдарга жаратмандыкка болгон ынтызарлыгын мындан ары да өнүгүшүнө тилектеш экенин кошумчалаган.
Маданият министри "Үмүт" балдар реабилитациялык борборунун жаш таланттары менен жолугушту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















