Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы №68 мектепке барды
Бүгүн, 11-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы №68 мектепке барды. Бул тууралуу агартуу министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө карганда, иш-чарага агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева ошондой эле вице-мэр Виктория Мозгачева да катышты.
Байсалов мектептин мугалимдер жамааты, анын ичинде башталгыч класстардын окутуучулары менен жолугуп, билим берүү системасындагы реформалардын жүрушү тууралуу пикир алышты. Мугалимдер жаңылануу процесстерине байланыштуу суроолорун беришип, сунуштарын айтышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жолугушуунун негизги максаты — мектептердеги өзгөрүүлөрдүн жүрүшү менен жеринен таанышуу жана педагогдордун пикирин угуу экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:34
2025-12-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















