super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Курулуш министрлигинин түзүмүнө жаңы департамент кошулду

 

Бүгүн, 11-декабрда курулуш министри Нурдан Орунтаев министрликтин түзүмүнө жаңыдан киргизилген Инженердик изилдөөлөр департаментинин капиталдык оңдоодон өткөн имаратынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө департаменттин директору Болот Чолпонбаев министрге капиталдык оңдоодон кийинки имаратты көрсөтүп, жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берди.

Өз сөзүндө министр инженердик изилдөөлөрдүн курулуш тармагындагы маанилүү ордун белгилеп, департаменттин мындан аркы ийгиликтери, биринчи кезекте, кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө жана жоопкерчиликтүүлүгүнө байланыштуу экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курулуш тармагындагы инженердик изилдөөлөрдүн тарыхы 1975-жылдан башталат. Ошол жылы, Кыргыз ССРинин Мамкурулушунун буйругуна ылайык, 1975-жылдын 26-декабрында Курулуштагы инженердик изилдөөлөр боюнча Кыргыз башкы институту (КыргызГИИЗ) түзүлгөн. 1993-жылы институт кайра түзүлүп, ачык акционердик коомдун статусун алган.

Андан соң Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык, аталган институттун иш багытын улантуу максатында Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти түзүлгөн.

Департамент түзүлгөндөн тарта 50 жылдан бери эскирип калган имарат толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, колдонууга берилди.

Инженердик изилдөөлөр департаментинин негизги миссиясы — өлкөдө жүргүзүлгөн инженердик изилдөөлөрдү:

  • илимий-техникалык жактан негизделген;
  • ишенимдүү жана комплекстүү;
  • долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн так жана коопсуз деңгээлде аткарылышын камсыз кылуу.

Департамент капиталдык курулуш объекттеринин сапатын жогорулатууну, инженердик коопсуздукту бекемдөөнү жана өлкөдөгү курулуш иштеринин технологиялык маданиятын өнүктүрүүнү максат кылат.






Курулуш министрлигинин түзүмүнө жаңы департамент кошулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: