ЭЛДИК КАБАР: Тургун Алайдагы унаа жол кардан тазаланбай жатканын айтат
Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош облусундагы Алай районунун Корул айылынын тургундары кайрылышты. Алар айылдагы унаа жол эки күндөн бери кардан тазаланбай жатканын айтып, жеринде тартылган видеону жөнөтүштү.
"2 күндөн бери жааган кар тазалана элек. Унаалар жүрүшү аябай татаал болуп калды. Айрыкча окуучуларга кыйын болуп жатат. Ушул жол менен дээрлик 2 чакырым аралыкты жөө басып мектепке барган окуучулар да бар", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Алайдын тургундары унаа жолдогу кар тазаланбай жатканын айтышат
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















