super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына барды (сүрөттөр)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда иш сапары менен Ашхабад шаарына барды. Мамлекет башчысын аэропортто Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Бердымухамедов президентти жылуу тосуп алып, Ысык-Көлгө болгон жайкы сапарын өзгөчө жылуу сезим менен эскерип, өлкөлөр ортосундагы чын ыкластуу достук маанайын өзгөчө белгиледи.

Тараптар мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашып, эки жана көп тараптуу форматта активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Сапардын алкагында Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумга катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: