Жапаров түркмөн президентин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды
Ашхабад шаарында президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун жолугушуусу өттү. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде энергетикалык кызматташтык талкууланды.
Түркмөнстандын президенти өз ара кызыкчылыкты туудурган мамилелерди мындан ары да чыңдоого түркмөн тарап даяр экендигин ырастады.
Өз кезегинде Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен тарыхый жактан калыптанган достук жана бир туугандык мамилелерди жогору баалай турганын жана аларды узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн бекем негизи катары караарын баса белгиледи.
Ошондой эле ал президент Сердар Бердымухамедовду жана Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовду каалаган ыңгайлуу убакта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Садыр Жапаров келерки жылдын күзүндө Кыргызстанда бир катар маанилүү эл аралык иш-чаралар пландаштырылганын белгилеп, президент Сердар Бердымухамедовду Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууга, ошондой эле Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ардактуу конок катары келүүгө чакырды.
Кыргызстандын президенти транспорттук-логистикалык тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал тараптардын аймагы аркылуу өтүүчү эл аралык мультимодалдык коридорлордун толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташып, бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыктарын билдиришти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















