super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Рысбай Исаков манасчылардын пикир келишпестиги боюнча үн катты

 

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын манасчысы Рысбай Исаков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу манасчылардын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу үн катты.

"3 күндөн бери Асаналы (ред., манасчы Калил уулу) экөөбүздүн ортобуздагы жеке маселе жалпы коомдук уу-дууга айланып кетти. Бул экөөбүздүн ортобуздагы пикир келишпестик болчу.

Жалпы журттан дагы бир жолу жеке маселени жалпы дуу-дууга алдырып, Манас дүйнөсүнө сөз тийгизип алгандыбыз үчүн кечирим сурайбыз!" - деп жазды манасчы.

Исаков манасчы Асаналы Калил уулуна жеке маселени жекече чечип алууну сунуштап, "Манас" театрына, Манас дүйнөсүнө сөз тийгизип алуудан алыс болууга чакырган.

Буга чейин 9-декабрда социалдык тармактарда “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу четтетилди.

Видео: Рысбай Исаковдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.






Рысбай Исаков манасчылардын пикир келишпестиги боюнча үн катты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: