Парламенттин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, бир нече күн мурун Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алган.
БШКнын маалыматына ылайык, 30 көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүү мыйзамдуу деп табылды. Жыйынтыгында 29 округда Жогорку Кеңештин депутаттыгына 87 талапкер шайланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















