super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Швейцария 2026-жылга президентин шайлады

 

Швейцариянын экономика министри Гай Пармелин 2026-жылга өлкөнүн президенти болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Швейцариянын Элдик партиясынын мүчөсү Пармелин 210 бюллетендин ичинен 203 добуш алып, өткөн кылымдан бери эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

66 жаштагы Пармелин келерки жылы президенттик милдеттерин аткарат жана Сент-Галлен кантонунан чыккан Карин Келлер-Суттердин ордун алмаштырат.

Швейцарияда президент парламент тарабынан шайланат жана көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй күчтүү аткаруучулук ыйгарым укуктарына ээ эмес. Президент Федералдык кеңештин жети мүчөсүнүн бири гана болуп, кызмат жыл сайын ротациялык негизде өтөт.

Пармелин буга чейин АКШ менен товарлар боюнча тарифтерди төмөндөтүү маселесинде маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл аралык аренада таанылган саясатчы катары белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: