"Дордойдо" салтанат менен ачылат делген аялдама тууралуу маалымат берилди
Бишкек мэриясынын "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы "Дордой" базарындагы аялдама салтанаттуу ачылат деген маалыматты төгүндөдү.
Муниципалдык ишкана расмий иш-чара пландалбаганын жана аялдамага шарлар соодагерлер тарабынан илингенин билдирди.
"Аялдама соодагерлердин суранычы боюнча салынган. Мындай иштер көп эле жасалып келе жатат. Андай деле салтанат кылууну пландаган эмеспиз. Кубанган ишкерлер биринчи келген автобусту тосуп алуу үчүн жасалгалап коюшуптур",- деди муниципалдык базарлар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Темиралиев.
Буга чейин социалдык тармактарда "Дордой" базарынын аймагында жаңы курулган аялдамага шарлар байланып, анын расмий ачылыш аземи болору тууралуу айтылган видео тараган.
"Дордойдо" салтанат менен ачылат делген аялдама тууралуу маалымат берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2025-12-12
19:00
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















