Алматыда поездден чыккан газдан 52 адам жабыркады
“Алма-Ата-2” станциясында поездде отурган 52 адам газга ууланды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги шаардык саламаттыкты сактоо мекемесинин басма сөз кызматына таянып маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге 13 бригада тартылып, жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилген. Жалпы 52 адам кароодон өтүп, тиешелүү медициналык жардам алган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 10 бала ооруканага жаткырылды. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүнө, калганы адистештирилген бөлүмдөрдө дарыланышууда.
“Казакстан темир жолу” улуттук компаниясы окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Ошондой эле поезд жеке ташуучуга таандык экени жана вагондор киностудияга кино тартуу үчүн пайдаланууга берилгени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2025-12-12
15:41
2025-12-12
11:41
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















